Өмүрбек Текебаев өлкө аймагынан келген жарандарды кабыл алды

Депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн, 14-январда аймактардан келген жарандар тобун кабыл алды. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда негизинен жер-жерлерде түзүлгөн кырдаал, жергиликтүү тургундардын жашоо жагдайы, адам укуктарынын корголушу тууралуу сөз жүрдү. Ошондой эле жарандар узак мезгилден бери жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чечилбей келе жаткан өздөрүнүн жер үлүшү, турак жай абалы жаатындагы көйгөйлөрүн айтышты. 

Депутат алардын кайрылуусун тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелерге жөнөтүп, аткарылышын көзөмөлдөй турганын билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан