Жогорку Кеңеш "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө демилгени 2-окууда кабыл алды

Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңеш өкмөт тарабынан сунушталган "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө мыйзам долбоорун 2-окууда кабыл алды. Долбоор Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында коомдук коопсуздукту камсыз кылууга багыталат. Долбоор иштеп баштаса, жол эрежесин бузган айдоочулардан түшкөн айып пулдардын өлчөмү кыйла өсүшү күтүлүүдө. Ал эми видеокөзөмөл жабдууларын орнотууга техникалардын сапатына жараша 42 миллион доллардан 79 миллион долларга чейинки өлчөмдө каражат чыгымдалат. Мындай чаралар "Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк жөнүндө" мыйзамдын талаптарына да туура келе турганы белгиленди. Долбоорду ишке ашыруу үчүн атайын чет элдик компаниялар тендерге катышууда, жыйынтыгы жакында чыгат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан