Дамира Ниязалиева 2013-жылы өлкөдө көз жумгандардын жарымынан көбүнө онкологиялык оорулар себеп болгонун айтты

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева бүгүн, 14-январда Бишкек шаарындагы Улуттук онкология борборуна барып, андагы 12 бөлүмдүн абалы менен таанышып чыкты. Өкмөттөн билдиришкендей, мекеменин жамааты жана ал жерде дарылануудан өтүп жаткандар менен жолугушуу өткөрдү.  
"Онкологиялык оорулуулар боюнча өлкөдө кырдаал татаал. Онкологиялык оорулардын айынан көз жумгандардын көрсөткүчү 2013-жылы 52 пайызды түзгөн, бул өтө кейиштүү сан. Муну азайтууга багытталган чараларды көрүү зарыл",- деди Ниязалиева. 
Онкологиялык илдеттер боюнча башка аймактарга салыштырмалуу Ош, Ысык-Көл, Нарын облустары жана Ош шаары алдыда экени кошумчаланды.
Өкмөт өкүлү тери рагынан жабыркап, мекемеде дарылануудан өтүп жаткан 9 жаштагы Тынчтыкбек уулу Бактиярдын абалы менен таанышып, анын энесине өкмөттөн бөлүнгөн 100 миң сомду тапшырды. 
Маалыматка таянсак, борбордун дары-дармектерине эле бир жылга 5,9 миллион доллар керектелет. 
Айта кетсек, премьер-министр Жоомарт Оторбаев колдоого муктаж бир катар жарандарга өкмөттүн резервдик фондунан акчалай жардам бөлүү боюнча өткөн жылдын соңунда тийиштүү жарлыкка кол койгон эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан