Айыл чарба жерлерин ирилештирүү боюнча Текебаевдин демилгесин депутаттар алгачкы окууда жактырышты

Айыл чарба жерлерин 5 гектардан аз өлчөмдө бөлүп пайдаланууга тыюу салчу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 14-январда 1-окууда кабыл алды. Мындай түзөтүүлөрдү киргизүү айыл чарба багытындагы жерлерди максатсыз пайдаланууну токтотууга мүмкүндүк берери жана жерлерди бир категориядан экинчи категорияга негизсиз которууну токтотору айтылды. 

Мыйзам долбооруна ылайык, менчигинде 5 гектар жери болгон жаран аны майдалап сата албайт. Мисалы, 4 сотых жери бар адам ошол 4 сотыхын кадимкидей сата берет, бирок аны 2 сотыхтан бөлүп сата албайт. Жерди коңшусу сатып алса, анын жери 8 сотых болот, ал 8 сотыхты гана сатат, 4 сотыхтан бөлүп сата албайт. 10 гектар жери бар жаран аны экиге гана бөлүп сата алат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан