Борбордук шайлоо комиссиясынын 14-январдагы жыйынында парламент депутаты Урмат Аманбаеваны мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратуу сунушун изилдөө үчүн комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Аталган депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн эрте токтотуу боюнча Башкы прокуратура сунуш кылган. Бул нерсе Аманбаеванын КРнын Конституциясын жана “Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамды одоно бузуу менен депутаттын ыйгарым укуктарына туура келбеген иштер менен алектенгени үчүн жасалганы айтылган.
Эскерте кетсек, Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Депутат Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт жана тагылып жаткан айыптарга макул эмес.