Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-январда "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алган. Документтин максаты - озон катмарын бузуучу каражаттардан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды күчөтүү, Кыргызстандын мыйзамдарын Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында эл аралык укуктук актыларга шайкеш келтирүү. Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдик жөнүндө келишимге Кыргызстандын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.