"Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" мыйзамга толуктоолор киргизилди

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү жөнүндө документке кол койду. Бул тууралуу 14-январда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.  

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын эл аралык келишим боюнча моюнуна алган улуттук милдеттенмелерин аткаруунун алкагында атмосфералык абаны коргоо боюнча чараларды күчөтүү болуп саналат.

Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып иштей баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан