ЖКнын депутаты Бакыт Төрөбаев Айыл чарба министрлигин жоюу туура деп эсептейт. “Айыл чарба министрлигин жоюп, Техника, жер семирткичтер, күйүүчү май менен камсыз кылуучу департаменти, Мелиорация департаменти жана Өндүргөн продукцияны сатуу департаменти кылып, 3 эле департаментке айландыруу керек”,- деди депутат Бакыт Төрөбаев бүгүн, 6-февралдагы ЖКнын жыйынында. Депутат банктардан берилчү 4,5 миллиард сомду дыйкандарга эмес, кооперативдерге бериш керек. "Тракторлорду алып келүү менен эле маселе чечилбейт. Аларга кошумча тетиктер, жабдуулар керектелет. Аларды дыйкандарга алып берип, колдоо зарыл. Ушул эки нерсени кылсак, жылыш болот»,- деди эл өкүлү.