Кызганычтан кытайлык айым күйөөсүнүн жыныс мүчөсүн эки жолу кесип салганы үчүн камакка алынды

Кытайдын Пекин шаарынын тургуну кызганычтан улам күйөөсүнүн жыныс мүчөсүн кесип салды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 30 жаштагы Фен Лун айым 32 жаштагы күйөөсү Фан Лундун көзүнө чөп салып жүргөнүн билип калган. Күйөөсү 21 жаштагы ойношу менен байланышып, электрондук катты жапканды унутта калтырган. Ачуусу келген аял уктоочу бөлмөгө кирип барып күйөөсүнүн жыныс мүчөсүн кайчы менен кесип таштаган. Жабыр тарткан Фан ооруканага жеткирилип, дарыгерлер анын кесилген жыныс мүчөсүн тигишкен. Бирок кызганган Фен палатага кирип келип күйөөсүнүн жан жерин кайрадан кесип, аны терезеден ыргытып жиберген.

Фан болсо анын артынан кууп жетип, оорукананын сыртынан кармап, ур-токмокко алган.

“Биринчи бизге жылаңач эркек аялды сабап жатканын айтышты. Кызматкерлер сыртка чуркап чыгышып, энеден туума жылаңач болгон, бутунан кан агып жаткан оорулууну көрүшүп, мушташып жаткан жубайларды ажыратышкан. Жабырлануучу көп кан жоготконуна байланыштуу ыкчам операция жасалды. Дарыгерлер анын физикалык ден соолугун калыбына келтиришкени менен, жан дүйнөсү жанчылган абалда”,- деп ооруканадан билдиришкен.

Жыныс мүчөсү табылбай калганына байланыштуу кайра тигип чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн жок. Дарыгерлердин пикиринде аны көчө жандыктары, мисалы, мышык же ит сүйрөп кетиши мүмкүн. 

Фан Лундун 5 баласы бар, бирок алардын кимиси жубайлардын никесинде төрөлгөнү белгисиз.

Бул ортодо кытайлык жарандын майыптыгы жаш көңүлдөшүнүн сүйүүсүн качырган жок. Ага турмушка чыгууну каалаганын жар салып, Фан Лундун мындан ары балалуу болбой калышына кейибей турганын айткан.

Ал эми кол салган аялы ден соолугуна оор залал келтиргени үчүн камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
suiuktuujar
2015-01-14 19:17:57
Ха ха тообо кулуп боорум эзилдиго экинчисин тим эле койбоптурда.
+4
chon-alai90
2015-01-14 19:18:09
сооп эмес убалыга калыптыр бечаранин азыр бардык эркектерде ойноштору бар.бирок нике менен
-1
aiko_87
2015-01-15 03:17:41
chon-alai90, ар бир эркектин ойношу бар деп ойлонбой суйлоп албадынбы андайдан кудай сактасын. ойлонбой суйлоп жубайлардын ортосуна ишенчсиздик ойготпо. ойнош оттон ыссык жарылса чыдагыс сассык
+2
bema_bema
2015-01-14 20:05:25
Тообо кылдым,ошого жеткирсе керек да.Откондо аялынын ойношунукун кесип салды деп журот эле
+2
meli12
2015-01-14 20:24:59
Туп туура кылыптыр мен кошулам
+2
Aysuluuwa
2015-01-14 21:17:57
Тобо чачты тик тургузган окуя го
+1
bolot00
2015-01-14 22:24:53
тообо кылдым бул айым кийнкисин ойлободубу
+1
Aselya_9105
2015-01-14 23:39:06
Азыр ар бир эркек левый жакка барат. Бул белгилуу иш.Ошону да билгизбей жасаш керек да. Конечно аялы ичи куйгон учун жасады болуш керек, бирок аябай эле катуу жазалап коюптур куйоосун.
-1
orhidea83
2015-01-15 01:04:30
Молодец Фен экинчи жолу кескеде акылдуулук кылып ыргытып ийгенин анан анысын издеп тапай коюшканы сонун болуптур. А Фанга кыйын болуптур ошон учун ойлонуп анан кадам ташташ кк эле да. ...
+5
ularbek89
2015-01-15 03:55:00
Тооба ха-ха да го бул шумдук!
0
Ханбийке
2015-01-15 05:19:23
Бир карасан кулкулуу, бир карасан аянычтуу окуя, мучосу кесилип жаны кыйналганына карабай аялынын артынан кууп токмоктогону жакшы экен, мучосунун жоголуп кеткени жакты))
0
nazi25
2015-01-15 14:03:52
Кудай сактаа.Эми кимге пайда да,кимге зыян?Бири мучосуз калды,бири турмого кетти.Кыскасы,ыйман берсин баарына.
+1
aruuzat88
2015-01-15 16:47:46
Ушуну окуп кечетен бери аябай ха ха болуп атат менде.Чынында айтаарга созум жок.
0
ekaterina
2015-01-15 17:50:15
куло берип ичим эзилди.траги-комедия го
0
saltanat.
2015-01-15 22:02:25
Ырас болуптур. Ар кайсы ойноштор менен жүргөн эркектерди бычып салыш керек.
+2
Aksy-13
2015-01-17 14:44:26
Тооба!!! Экинчи жолу неге кести экен, кайчысын которо жургон экенда, эшикте ит-мышыктын да даяр турганын кара
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан