Италиянын президенти Жоржо Наполитано 89 жашында отставкага кетти

Италиянын президенти Жоржо Наполитано отставкага кетти. Чет элдик маалымат булактары жарыялашкандай, президенттин милдетин сенат спикери Пьетро Грассо аркалап турмакчы. Наполитано ден соолугуна байланыштуу кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетерин 2014-жылдын декабрь айында эле билдирген. Быйыл июнь айында 90 жашка чыга турган саясатчы 2013-жылдын апрель айында экинчи мөөнөткө президент болуп шайланган эле. 
Өлкө парламенти январь айынын аягына чейин жаңы парламентти шайлашы мүмкүн экени айтылууда. Мамлекет башчылыгына талапкер депутаттардын үчтөн экисинин добушун алышы шарт. Италия президенти 7 жылдык мөөнөткө шайланат. Ал өлкөдө парламенттик шайлоону өткөрүүнү дайындоо, элдик референдум өткөрүүнү жарыялоо, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана согуш жарыялоо укугуна ээ.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан