Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн ортосундагы Бишкек шаарынын унаа жолдорун реабилитациялоо жана реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине аталган протоколдун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон бардык ички мамлекеттик процедураларды Кыргызстандын аткаргандыгы жөнүндө Кытайдын өкмөтүнө белгиленген тартипте билдирүү милдети жүктөлдү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.