Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев электр энергиясынын тарифтери боюнча 14-январда Нарын шаарынын тургундары менен жолугушту. Министр шарты катаал аймактарда жашаган абоненттерге учурда электр энергиясы боюнча 714 сомдук (1 жылга) компенсация төлөнөрүн белгиледи. Электр энергиясынын тарифтеринин өзгөрүүсүнө байланыштуу бийик тоолуу шартта жашагандарга төлөнчү компенсациянын суммасын көбөйтүү маселеси өкмөттө каралып жатканын кошумчалады. Тактап айтканда, кышкысын компенсацияга 186 сомдон кошуу жагы каралууда. Мындай чарадан кийин республикалык бюджет 108 миллион сомдук чыгашага учурай турганын билдирет аталган министрликтин басма сөз кызматы.