Бүгүн, 6-февралдагы парламент жыйынында өкмөттүн жазгы талаа иштерине карата даярдыгы "канааттандырарлык" деп табылды. Жыйындын жүрүшүндө депутаттар Айыл чарба министрлигинин дарегине бир топ сын-пикирлерди айтышты. Жыйынтыгында Кыргызстанда 2013-жылдын жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө өкмөткө жазгы талаа иштерин жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмалар камтылган Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.