Жылнаама, 15-январь: Мындан 84 жыл мурун кыргыздын чыгаан жазуучусу, тарыхый роман жанрынын чебери, коомдук ишмер Төлөгөн Касымбеков туулган

* Мындан 84 жыл мурун, 1931-жылы кыргыздын чыгаан жазуучусу, тарыхый роман жанрынын чебери, коомдук ишмер Төлөгөн Касымбеков Аксы районундагы Ак-Жол айылында туулган. Орто мектепти бүтүп, эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык кеңешинде жооптуу катчы болуп эмгектенген. Адабиятка сиңирген эмгеги үчүн Төлөгөн Касымбеков 1970-жылы В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн" медалы, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2005-жылы мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Кыргыз тили" төш белгиси менен сыйланган. Залкар жазуучу 2011-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында каза болгон.
* Мындан 86 жыл мурун, 1929-жылы кара түстүү америкалыктардын жарандык укуктары боюнча күрөштүн жетекчиси Мартин Лютер Кинг туулган. 13 жашында Атланта университетинин лицейине окууга кирген. 15 жашында Жоржия штатындагы афроамерикалык уюмдун ораторлор сынагында жеңүүчү болуп табылган. Кинг биринчи жолу негроид расасынан чыккан активдүү коомдук ишмер болуу менен АКШдагы кара терилүү адамдардын жарандык укуктарын коргогон жана расизм, дискриминацияга каршы күрөшкөн патриот инсан эле. Ошондой эле АКШнын Вьетнам мамлекетине жасаган колониалдуу агрессиялык саясатына да каршы пикир билдирген. 1960-жылы Жавахарлал Нерунун чакыруусу менен Индия мамлекетинде болуп, Махамат Гандинин ишмердүүлүгү менен кенен таанышкан. Ал сапар Мартинге ого бетер руханий азык бергенин баамдасак болот. Америка мамлекетинде демократиялаштыруу процессине кошкон маанилүү салымы үчүн 1964-жылы 35 жашында "Нобель" сыйлыгы ыйгарылган. 
АКШнын Теннесси штатындагы Мемфис шаарында расист снайпер Жеймс Эрл Реем тарабынан атылып өлтүрүлгөн. Кара түстүү адамдардын укугун коргоочу, доктор Кингдин туулган күнүн майрам катары белгилөө жөнүндө Конгресске АКШ жарандары тынымсыз сунуштап келишкен. Бирок Конгресстерде колдоочу добуштардын саны жетпей келген. 1983-жылы мамлекеттик деңгээлде майрамдоо боюнча мыйзам долбоору кайрадан Конгресске сунушталып, акырында колдоого ээ болгон. Ал мыйзам Америка президенти Рональд Рейган тарабынан бекитилген. 
* Мындан 14 жыл мурун, 2001-жылы “Википедия” сайты негизделген. Интернеттеги ачык, акысыз, коомдук энциклопедия - “Википедия” сайты Жимми Уэлс жана Ларри Сэнгер аттуу ишкерлер тарабынан түзүлгөн. Сэнгер ойлоп тапкан бул термин гавайиликтердин "wiki" - "ыкчам" деген сөзүнөн жана "энциклопедия" сөзүнөн куралган. “Википедия” - дүйнө калктары үчүн акысыз сунушталган интернеттик энциклопедия. Бул интернеттик энциклопедияны дүйнө жүзүндөгү миллиондогон ыктыярдуу авторлор биргелешип 285тен ашуун тилдерде жарыялап келишет. Ушул тапта (2014-ж.) "Википедиянын" казынасында бардык тилдердин кампасын кошкондо 20 миллиондон ашык макала бар. Бул интернет баракты айына 400 миллиондон ашуун киши окуйт.
* Мындан 34 жыл мурун, 1981-жылы америкалык рэп ырчысы Питбуль төрөлгөн. Мектепте окуган чагында эле Армандо рэпке кызыга баштайт. Өзү да рэпти жакшы окуй алган. Ар кандай жерлерде ырдап жүргөнүн байкап калган музыкант Лютер Кэмпбелл аны “Набат”(“Lollipop”) тобуна кошулууга чакырат. Ушул убакта эле Армандо өзүнө лакап ат коюуга батынат. Питбуль Лил Жон, Дон Омар, Эйкон, Энрике Иглесиас, Ашер, Женнифер Лопес, Александр Бёрк, Не-Йо, Шакира, Крис Браун, Келли Роулэнд, Марк Энтони сыяктуу атактуу ырчылар менен дуэт ырдаган.
15-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан