Алмазбек Атамбаев «Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» документке кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун укуктук коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарын Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кабыл алынган эл аралык-укуктук актыларга, Кыргыз Республикасы мүчө болгон Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча эл аралык конвенцияга шайкеш келтирүү болуп саналат.
Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып ишке кирет.