Вице-премьер-министр Валерий Диль 14-январда Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды алдыга жылдыруу боюнча агенттиктин адистери жана "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" КРнын мыйзамын жайылтуунун үстүндө иштеген эксперттер менен жолугушту.
Жолугушууда вице-премьер 2015-жылы аракеттеги мыйзамдарды пайдалануу менен инвестиция тартуу боюнча белгилүү жыйынтыктарга жетишүү керектигин белгиледи. "Кыргызстандын экономикасынын инвестицияга тартууга көбүрөөк жөндөмдүү болушу үчүн мыйзам базаларына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Инвестицияларды алдыга жылдыруу боюнча агенттиктин быйылкы жылкы ишинин жыйынтыгы менен мекеменин өзүнүн ишине гана эмес, жалпы Экономика министрлигинин ишине баа берилет",- деди Диль.
Жыйынтыгында аталган агенттикке экономиканы өнүктүрүү тармагында долбоорлорду иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.