Жоомарт Оторбаев: "Айыл чарба министрлигинин кызматкерлеринин иш сапарлары көп, бирок андан жыйынтык жок"

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 14-январда айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевди кабыл алып, аталган министрликтин 2014-жылкы ишинин жыйынтыгы жана 2015-жылкы пландары талкууланды. Оторбаев айыл чарбасын өнүктүрүүгө өкмөт өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, буларды айтты: 

"2014-жылы "Айыл чарбасын каржылоо-2" долбоорунун алкагында фермерлерге 5 миллиард 284 миллион сом суммасында жеңилдетилген насыялар берилди. Европа өнүктүрүү банкы дыйкандарга 243 даана айыл чарба техникаларын лизингге берүү үчүн 20 миллион доллар бөлдү. Мындан тышкары былтыр дыйкандар өздөрүнүн акчаларына 350 даана түрдүү үлгүдөгү айыл чарба техникаларын сатып алышты".

Министрликтин ветеринария саясаты, логистикалык борбор курууну негизсиз кечиктирип жана ирригациялык системди өнүктүрүүгө жакшы көңүл бурбай жатышы өкмөт башчынын сынына кабылды. "Министрликтин кызматкерлеринин иш сапарлары көп, бирок ал иш сапарлардан жыйынтык жок",- деди Оторбаев.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан