Борбордук Азиядагы мамлекет башчылары жолугушуп, чек ара маселелерин чечиш керек, болбосо Фергана өрөөнү аймактык пикир келишпестиктердин "детонатору" болуп кетет. Мындай пикирди бүгүн, 6-февралда коомдук ишмер Мирослав Ниязов билдирди.
Айтымында, Фергана өрөөнү дайым туруксуз кырдаалдардын өрөөнү болуп келет. “Толгон-токой чек ара маселелерин чечиш үчүн, Борбор Азиянын жогорку бийлик жетекчилери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чогулушу керек" деди ал.