Кыргызстанда 2013-жылы 228 өзгөчө кырдаал катталса, 2014-жылы 177ге чукул кырдаал орун алды. Муну өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 14-январда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен жолугушууда билдирди. Маалыматка таянсак, өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 62 адам каза таап (2013-жылы бул сан 95ти түзгөн), мамлекетке 455 миллион сомдук зыян келтирилди. Чыгымдын 80 пайызын Ысык-Көлдөгү жер титирөөнүн кесепети түздү.
Жоомарт Оторбаев чукул кырдаалдардын алдын алуу маанилүү экенин белгиледи. "Өкмөт алдын алуу иштерине акча бөлүү процессин тездетүүгө зарыл болгон бардык чараларды колдонот. Өткөн жылы министрликтин бюджети 1 миллиард 384 миллион сом өлчөмүндө бекитилген. Кийинчерээк ага дагы негизги сумманын 30 пайызын түзгөн каражат кошумчаланган",- деди премьер.
Боронов бийик тоодогу көлдөрдүн суусун көзөмөлдөө боюнча министрлик тарабынан жасалып жаткан иштерди атады.