Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 15-январь күнү саат 04:00 чамасында бороондун кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолунун 128-129-чакырымдарында автоунаалардын тыгыны пайда болгон. Жолдорду эксплуатациялоочу №9-мекеме тарабынан 2 грейдер, 2 самосвал, 2 жүктөгүч жана 15 жумушчу тартылып, жолду кардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле унаа жолдогу коомдук тартипти көзөмөлгө алууга Жайыл районунун жол-кайгуул кызматкерлери тартылган. Азыркы учурда Бишкек-Ош унаа жолунун 128-129-чакырымдарында болжол менен 300 автоунаа турат.
Мындан сырткары Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка” постунан оор жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилип, азыркы учурда постто болжол менен 25 оор жүк ташуучу автоунаа бар.