2015-жылдын 14-январынан 16-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Бишкек-Талас унаа жолунун 198-210-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу) кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Мындан сырткары Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында, Казарман - Ак-Тал -Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), Ысык-Көл облусундагы Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл.