Депутаттар жетекчилерди дайындоону кечиктирип жатканы үчүн өкмөттү сындашты

Жогорку Кеңештин 15-январдагы жыйынында депутат Эсенгул Исаков айрым мекемелердин жетекчилерин дайындоо иштери узакка созулуп жатканы үчүн өкмөттү сынга алды. Анын билдиришинче, мындай көрүнүшкө эл нааразы болуп жатат. "Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин ректору бир канча айдан бери дайындалбай жатат. Бул гана эмес, башка мекемелердин жетекчилерин дайындоо да кечиктирилүүдө. Мунун айынан ал мекемелерде иштегендер топ-топ болуп бөлүнүп кетишти. Жетекчилерди тезирээк дайындоо үчүн бардык аракетти жасоо зарыл",- деди Исаков. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан