Жалал-Абад облусундагы дыйкандарга быйыл 52 миң тонна жер семирткич керек. Маалыматты парламенттин 15-январдагы жыйынында депутат Мирлан Бакиров билдирип, жер семирткич маселесин чечүүнү өкмөткө сунуштады. "Былтыр өкмөт жер семирткич маселесин өз убагында чечип, дыйкандарга 20 сомдун тегерегиндеги баа менен сатылды. Жакшы ишти жакшы дешибиз керек. Быйыл да бул маселени чечип берүү зарыл, Өзбекстан менен сүйлөшүү жүргүзүү керек. Дыйкандар ушул маселенин чечилишин күтүшүүдө",- деди депутат.