Ысык-Көл облусунда уурулукка шектелген эки жаран кармалды

Ысык-Көл облусунда уурулукка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-январда билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын жайында белгисиз адамдар тарабынан Бостери айылында 13 телевизор, стол приборлору, килемчелер уурдалган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 42 жана 53 жаштагы эки жаран кармалган. Учурда козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан