Ысык-Көл облусунда каракчылыкка шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 29-декабрь күнү милицияга Балыкчы шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар аны уюлдук телефонун жана 1900 сом акча каражатын тартып алганын айткан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда сот жобуна тартылган 20 жаштагы З.Нурбек жана 19 жаштагы М.Данияр аттуу жарандар кармалышты. Учурда кармалгандар уурулук кылгандарын моюндарына алып, бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.