Парламентте Садыр Жапаровдун китебинде айтылган фактыларды иликтөө үчүн комиссия түзүү сунушталды

Депутат Исмаил Исаков Жогорку Кеңештин 15-январдагы отурумунда экс-депутат Садыр Жапаровдун “Саясатка аралашкан 10 жыл” деген китебинде айтылган фактыларды иликтеп чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылды. Депутат китепте айтылган фактылар аныкталса, аты аталып жаткан чиновниктерди жоопкерчиликке тартуу керектигин айтты. 
"Китепте тонналаган алтындын Кыргызстандан чыгарылып кеткени жазылыптыр. Ушул чын болсо, алтын уурдагандарды "чыккынчы" деп жоопко тартыш керек. Депутаттык комиссия түзүп, иликтеп чыгалы",- деди Исаков. 
Башка депутаттар фактылар далилденбесе, Жапаровдун өзүнүн жоопкерчилигин кароо керектигин айтышты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан