Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Борбордун 12-кичи районунда жайгашкан селсаяктардын жатагынын аймагында өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен темир будканын ичинде 6 чарчы метр таштанды күйүп кеткен. Өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыккан. Ошондой эле Таш-Көмүр шаарындагы Баетов көчөсүндө Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.