Жогорку Кеңештин 15-январдагы жыйынында депутаттар Бишкек-Ош унаа жолун кыскартууну сунушташты. Депутат
Бактыгул Маматов аталган трассанын Өзгөн шаарын аралап өткөн бөлүгүн өзгөртүү керектигин айтат.
"Трассаны Өзгөн шаарынын түндүк тарабынан өткөрүү керек. Ошондо жол суу сактагычтын жанынан өтүп, трасса 6 чакырымга кыскармак. Дагы бир вариант бар: трассаны Өзгөн шаарынын чыгыш тарабынан же Мырзаке айылы тараптан өткөрүү. Бирок мында бир катар эгин талаалары жок болуп кетиши мүмкүн болууда. Мен бул сунуштарды өкмөткө айттым, карап жатышат",- дейт депутат.