"Балдарга карата зомбулукка каршы атайын программа керек" дейт депутат Сасыкбаева

Өлкөдөгү жаш балдардын зордук-зомбулукка кабылып жатканы парламенттин 15-январдагы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Асия Сасыкбаева жыйында балдарга карата камкордук чараларын күчөтүү керектигин белгиледи. "Биз балдарга билим эле эмес, татыктуу таалим-тарбия да беришибиз керек. Өкмөт бул багытта тезинен атайын программа иштеп чыгып, ырааттуу ишке ашыра баштоого тийиш",- деди депутат. Башка эл өкүлдөрү да акыркы учурдагы төрөт үйлөрүндөгү наристелердин алмашып кетип жаткан фактыларды ортого салышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан