Эльвира Сариева: "Коомдук байкоочу кеңештер менен кызматташуу чоң ийгиликтерге жетүүгө жардам берет"

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева 15-январда министрликтин Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Коомдук байкоочу кеңеш билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды бере турган орган экенин белгиледи министр. "Коомдук байкоочу кеңештер мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосундагы кызматташтыктын жакшы жолун иштеп чыгышты. Биздин кызматташтык өлкөдө илимди өнүктүрүүгө алып барарына ишенем. Коомдук байкоочу кеңештер менен кызматташуу чоң ийгиликтерге жетүүгө жардам берет",- деди министр.  
Сариева кеңештин мүчөлөрүн билим берүү жана илим системинин негизги багыттарын көзөмөлдөй турган орун басар жана жетекчилер менен тааныштырганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан