Оштогу аэропорттон 5,6 миллиондон ашык долларды карактагандар жана алар айдап качып кеткен унаа табыла элек. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 15-январда билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардык милиция Тойота Эстима үлгүсүндөгү кароосуз калган же шектүү унааны көргөндөрдөн жардам сурайт. Эгер көргөн-билгендер болсо, (03222) 5-71-81, (03222) 5-59-10, (03222) 5-52-44 номурлары аркылуу байланышка чыгып койсоңуздар.
Айта кетсек, 27-декабрда бет кап кийген, куралчан беш адам Ош аэропортунун VIP-залына кирип, акча салынган үч-төрт баштыкты жана бир адамды өздөрү менен кошо уурдап кетишкен. Алардын колдорунда Калашников автоматы, Макаров тапанчасы жана видеокамералар болгон.