Бүгүн, 15-январда Франциянын Кыргызстандагы элчиси Стефан Катта 7-9-январда Париж шаарында болгон террордук актка байланыштуу кыргызстандыктардын колдоосуна рахмат айтты."Мен аталган окуяларга байланыштуу колдоо көрсөткөн Кыргызстандын жарандарына, алардын арасында журналисттерге ыраазычылыгымды билдиргим келет. Өткөн аптада республиканын жетекчилиги тарабынан көңүл айтуулар келген. Мен бардык каттарды Франциянын өкмөтүнө жөнөткөм. Кыргызстан көрсөткөн колдоо биздин элдерибиздин ортосундагы мамилелердин бекемдигин далилдейт",- деди элчи.
Эскерте кетсек, 7-январда саат 11:00 чамасында Франциянын борбору
Париж шаарында террордук акт орун алган. Анда үч террорчу "Charlie-Hebdo" ("Шарли-Эбдо") сатиралык журналынын кеңсесине кирип, 12 адамды аткылап салышкан. Бул кылмышка шектүү ага-ини
Шериф жана
Саид Каушилерди кармоо боюнча атайын операция 3 күнгө созулуп, жыйынтыгында алардын
өлтүрүлгөндүгү
айтылган.
Террордук акттын эртеси президент
Алмазбек Атамбаев Франциянын мамлекет башчысы
Франсуа Олландга көңүл айткан. Ошондой эле кыргызстандык ММКлардын өкүлдөрү курман болгон француз журналисттерине көңүл айтуу максатында тынчтык митингин
өткөрүшкөн.