Кийинки аптада
Садыр Жапаровдун китебиндеги фактылар боюнча Башкы прокуратура Жогорку Кеңеште маалымат берет. Бул тууралуу спикер
Асылбек Жээнбеков парламенттин 15-январдагы жыйынында айтты.
"2013-жылы да эл өкүлдөрү бул маселени көтөрүп чыгышкан болчу. Мына азыр да көтөрүлүүдө, Садыр Жапаровдун китебинде жазылган фактыларды прокуратура териштирип жатат. Кийинки аптада парламентте маалымат берет",- деди Жээнбеков.
Буга чейин депутаттар Жапаровдун "Саясатка аралашкан 10 жыл" деген китебиндеги айтылган фактыларды иликтеп чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүүнү демилгелеп чыгышкан болчу.