Африкадагы Тунис өлкөсү Бажы биримдигине кирүүгө умтулууда

Африкадагы Тунис Республикасы жакын арада Бажы биримдигине кирүүгө умтулууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда орусиялык маалымат булактары жарыялашты.

Маалыматтарга ылайык, Тунистин Орусиядагы элчиси Али Гуталинин пикири боюнча, Бажы биримдиги - абдан маанилүү түзүм, мындан улам Тунис бул союзга эркин соода аймагын түзүү менен кирүүнү көздөйт. "Биз мындай аймакты евразиялык уюм менен биргеликте түзүүнү туура көрөбүз. Бул багытта иш алып барып жатабыз, бирок дагы убакыт керек. Тунис жакынкы арада Бажы биримдигине кирүүгө ишенет жана бул өлкө Орусия үчүн Түндүк Африкага жол түзүп берет",- дейт элчи.

Айта кетсек, учурда Бажы биримдигине Орусия, Казакстан жана Беларусь мүчө. Бул союздун ичинде бирдиктүү бажы тарифи колдонулат. Евразиялык экономикалык союзга аталган мамлекеттерден тышкары Армения менен Кыргызстан кирет. Бул союз соода-экономикалык интеграциянын түзүмү болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан