“Өлкөдө ачылып жаткан жеке менчик бала бакчалардын кызматкерлерине эмгек акы республикалык бюджеттен каралышы керек”,- деп билдирди депутат Төрөбай Зулпукаров бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңеште. “Тамак-аш жана башка муктаждыктары ата-энелер тарабынан чечилип жатат. Ал эми тарбиячылардын эмгек маяналары республикалык бюджеттен каралышы керек”,- дейт депутат.
Мындан сырткары депутат өкмөттү жер титирөөдөн жапа чеккен Тоң, Жети-Өгүз райондорундагы социалдык мекемелерге, Чүй районунун Кош-Коргон айылындагы авариялык абалдагы мектепке, Ош шаарындагы Навои көчөсүнүн абалына көңүл бурууга чакырды.