Нарын шаардык китепканасынын китеп фонду 62 548 китепти түздү

2014-жылы Нарын шаарындагы китепкана шаардагы мекеме-ишканалар, мектептер, коомдук уюмдар, жогорку жана орто окуу жайлар, шаардын калкы менен тыгыз байланышта болуп, натыйжалуу иш жүргүзүлгөнү жылдык отчётто белгиленди. Бул тууралуу Нарын мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарында керектөөчүлөрдүн маалыматка болгон муктаждыгын, суроо-талаптарын аткарууда Ж.Коңурбаева атындагы борборлоштурулган китепкана иштеп келет. Анда жалпы китеп фондунун көрсөткүчү 2013-жылга (62 067) салыштырмалуу 481ге көбөйүп, 62 548ди түздү. Ал эми жыл ичинде 8650 пайдалануучу катталып, 172 449 жолу окурмандарга китептер берилген.

Мындан тышкары 2014-жыл – Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата бир катар иш-чаралар уюшулуп, китепкананын фонду адабияттар менен толукталган. Ошондой эле ата-энелер үчүн ресурстук борбор ачылып, пайдалануучулар интернет байланышы менен тейлене баштады. Учурда шаардык китепканада жана анын 3 филиалында 17 кызматкер эмгектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан