Бишкектеги жол кырсыгынан бир адам каза тапты

Бишкектеги жол кырсыгынан бир адам каза тапты. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынан бүгүн, 15-январда билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 14-январь күнү саат 06:40 чамасында Жибек Жолу көчөсүндө болгон. Анда 60 жаштагы айдоочу Мерседес үлгүсүндөгү унаасы менен жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Ошол эле учурда жабырлануучуну каршы тарапта келе жаткан Хундай Портер унаасы дагы сүзүп алган. Анын кесепетинен 59 жаштагы Майрамкан ошол жерден каза тапкан. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан