Жогорку Кеңеш чиновниктердин чет өлкөдө мүлккө ээ болуусуна тыюу сала турган демилгени 2-окууда карап жатат

Жогорку Кеңештин 15-январдагы жыйынында мамлекеттик кызматтагы адамдардын чет өлкөдөгү активдерге ээ болуусуна тыюу салчу мыйзам долбоору 2-окууда талкууланып жатат. Демилгечилер чиновниктер байлыгын Кыргызстанда гана сакташы керектигин айтышты. Мыйзам долбоору саясий жана мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдарына чет өлкөдөгү банктардан эсеп ачууга жана ээ болууга, акча каражаттарын сактоого, чет мамлекеттин аймагында кыймылсыз мүлккө ээ болууга тыюу салат. Эгерде мындай фактылар катталса, 3 жылдан 5 жылга чейин жогорку кызматтарда иштөө укугунан ажыратылат жана мүлкү мамлекетке өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан