Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейи 31-январга чейин жабылат

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи 2015-жылдын 31-январына чейин жабык болот. Бул тууралуу аталган музейден билдиришти.

Белгилүү болгондой, жылуулук берүү трассасында орун алган аварияга байланыштуу музей 15-31-январь күндөрү жабык болот.

“Туруктуу экспозициялар жабылуу бойдон калат. Ал эми убактылуу көргөзмөлөрдү келип көрүүгө болот. Музей саат 10:00дөн 16:00гө чейин иштемекчи" деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан