Ыргал Кадыралиева балдардын зомбулукка кабылышы боюнча өкмөттүк күн өткөрүүнү сунуштады

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева балдардын зордук-зомбулукка кабылышын талкуулоо үчүн өкмөттүк күн өткөрүүнү сунуштады. 

Балдар жана аялдардын укугун коргоо жаатында иш алып барып жүргөн депутат кечээ жакында эле зордук- зомбулукка кабылып, эсине келе албай жаткан 2 жашар баланы мисалга тартып, буларга токтолду: "Мындай фактылар барган сайын көбөйүп баратат. Парламент депутаттары тарабынан балдардын укуктарын коргоо жөнүндө бир нече демилгелер көтөрүлүп келет. Бирок ал жалпы колдоого алынбай калат. Ошондуктан өкмөттүк күн өткөрүп, тиешелүү чараларды көрүү зарыл".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан