Таласта мамлекеттик чек ара режимин бузган Түштүк Кореянын 5 жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мамлекеттик чек ара режимин бузгандар кечээ, 14-январь күнү Талас районунун Арал аймагында кармалышкан. Алар чек ара режимин бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылышты.
“Кармалган Түштүк Кореянын жарандары туристтер болушкан. Алар бара турган жерине эмес, башка аймакка өтүп кетишкен”,- деп билдирди Чек ара кызматы.