Алмазбек Атамбаевге өлкөдөгү диний кырдаал боюнча маалымат берилди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-январда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алып, жолугушууда өлкө башчыга диний уюмдардын жана бирикмелердин ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуунун негизги багыттары жана принциптери аныкталган 2014-2020-жылдары диний чөйрөдө Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн жана коомдун демократиялык өнүгүшү үчүн диний чөйрөдө Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын концепциясын натыйжалуу ишке ашыруунун маанисин белгиледи.

Мамлекет башчы толеранттуулук жана диний сабырдуулук идеяларын бекемдөөнүн, ошондой эле дүйнөдө болуп жаткан окуялардын алкагында Кыргызстанда конфессиялар аралык мамилелерди өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан