Парламент 15-январдагы жыйынында мамлекеттик кызматтагы адамдардын чет өлкөдөгү активдерге ээ болуусуна тыюу салчу мыйзам долбоорун 2-окууда карап жатканда айрым депутаттар демилгеге каршы чыгышты. Депутат
Курмантай Абдиев бул кадам менен чет өлкөдө эмгектенип жаткан мигранттарды чочутуп алуу мүмкүн экенин айтты.
"Бул чиновниктерге таасир этет дегенибиз менен, азыр мигранттар чет өлкөдө мүлк сатып алып жатышат. Биз аларды чочутуп албашыбыз керек",- деди Абдиев.
Ал эми депутат Нарынбек Молдобаев эл өкүлдөрүн демилгеге каршы добуш берүүгө үндөдү. "Мисалы, менин Орусияда 3, Казакстанда 2 бөлмөлүү батирим бар, мен кайра депутат болуш үчүн аны сатып жиберишим керекпи? Мен аны балдарым үчүн алып койгом. Бул мыйзам долбоору туура эмес, мен сиздерди каршы добуш берүүгө чакырам",- деди депутат.
Демилгечилер Молдобаевге "чет өлкөдөгү мүлкүңүздү 18 жаштан ашкан балаңызга каттатып койсоңуз болот" дешти.