Борбордогу Шаардык медициналык тез жардамдын балдар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан 2 жаштагы бала эсине келе элек. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда SUPER.KG порталына аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн билдиришти.
“Баланын абалы ошол эле бойдон калууда. Ал качан эсине келери белгисиз. Балким, бир ай, балким, жарым жыл. Азырынча анализ берүү өтө кыйын. Ал бала дале жасалма дем алдыруучу аппараттын жардамы менен дем алууда. Учурда баланын өмүрүн сактоо үчүн бардык аракеттер жасалып, ага керектүү дарылар берилүүдө”,- деп билдиришти жандандыруу бөлүмүнөн.
Белгилүү болгондой, сабалган бала ооруканага эле эс-учун жоготкон абалда келип түшкөн. Бүгүнкү күндү эсепке алганда, ал 5 күндөн бери комада жатат.
Эске салсак, 2 жаштагы бала ооруканага 10-январдан 11-январга караган түнү саат 00:15тер чамасында оор абалда келген. Анын денесинде көптөгөн эски жана жаңы жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалып, зордукталганын айтышкан.