2012-жылы "Манас" аэропорту жалпы 20 263 учак каттамын ишке ашырган. Бул маалыматты бүгүн, 6-февралда аталган аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
Бул көрсөткүч 2011-жылга салыштырмалуу учак каттамдары 14 пайызга өскөнүн билдирет. Ал эми 2007-жылга салыштырып караганда эл аралык каттамдар 70 пайызга өскөн.
Жүргүнчүлөрдүн саны былтыркы жылга караганда 21 пайызга өсүп, 1 миллион 893 033 кишини түздү. Ошондой эле бул аэропорт аркылуу 20 749 тонна жүк ташылган.