Асылбек Жээнбеков: "Өкмөт элге чындыкты айтуудан коркпошу керек"

"Кандай гана жагдай түзүлбөсүн, калк алдында чындыкты айткандан коркпош керек",- деп билдирди спикер Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин 15-январдагы жыйынында. Жээнбеков депутаттар тарабынан айтылган айрым пикирлерге өз оюн билдирди.

"Ачыгын айтыш керек, менчикке сатылган имараттарды кайтарып алуу өтө машакаттуу жумуш, аны өзүңөр деле жакшы билесиңер. Бирок бул багытта таптакыр эле иш жүрбөй жатат дегенден алысмын, ушу тапта мурда мыйзамсыз менчиктеширилип кеткен 93 бала бакча кайтарылып алынды. Мындан ары да иштиктүү чараларды көрүп, бала бакча имараттарынын башын ачуу зарыл",- дейт Жээнбеков.

Төрага калк арасында байма-бай көтөрүлүп жаткан электр кубатынын тарифи тууралуу маселеге да кайрылып, бул багытта бирдиктүү мамлекеттик саясат болушу зарыл экенин билдирди. "Адегенде өкмөт ар түрдүү бааны айта берип, бир аз баш аламандык болду. Бул мамлекеттик мамиле эмес, кандай гана жагдай түзүлбөсүн, өкмөт калк алдында чындыкты айткандан коркпошу керек. Аны эл да туура түшүнөт",- деди спикер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан