Жогорку Кеңештин депутаты
Кожобек Рыспаев мамлекеттик кызматтагы адамдардын чет өлкөдөгү активдерге ээ болуусуна тыюу салчу мыйзам долбооруна каршы. Депутат муну парламенттин 15-январдагы жыйынында айтып чыкты жана мыйзам долбоорунун кемчиликтерин атады.
"Мындай кылуу туура эмес, бизнес кылып жүрүп 5-6 үй курсам, ал үйлөрүм үчүн эмнеге депутат боло албай калышым керек? Бул норманы декларация тапшыруу жобосуна киргизип коюшубуз керек. Мамлекеттик кызматка келе турган адам мүлкүн декларацияда көрсөтүп, кызматка келе берсин. Минтип жарандардын укугун чектөө болбойт",- дейт Рыспаев.
Айта кетсек, парламент жыйынында мамлекеттик кызматтагы адамдардын чет өлкөдөгү активдерге ээ болуусуна тыюу салчу мыйзам долбоору 2-окууда талкууланып жатат. Ага ылайык, чет өлкөдө мүлкү бар жарандар (чет өлкөдө 1 үйү гана бар жарандарга уруксат берилет) жогорку мамлекеттик кызматтарда иштей алышпайт.