Дамира Ниязалиева Мамлекеттик тарых музейинин абалы менен таанышты

14-январда Бишкектеги КРнын Мамлекеттик тарых музейинин абалы менен вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева таанышып, музейди реконструкциялоо маселесин талкуулады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. Жолугушууга КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов катышты. 

Музейдин директору Анаркүл Исираилованын билдирүүсүндө, имараттын өзүн реконструкциялоого 15 миллион сом каражат талап кылынат. А.Исираилова имарат Тарых музейи деп аталганы менен, Кыргызстандын тарыхы туура эмес тартипте жайгаштырылганын белгилеп өттү. Тиешелүү каражаттын бөлүнүшү менен байыркы доордон баштап эгемендүү Кыргызстанга чейинки тарых ырааттуу тартипте жайгаштырылып, имараттын техникалык абалы, жалпы көрүнүшү жакшырат. Экспонаттарды сактоочу үкөктөр жаңыланып, жарык берүү, сигнализация, тийиштүү температуралык абалды сактоо маселелери чечилет. Совет дооруна басым жасалган экспонаттар үчүн атайын жай бөлүнүп, тарыхтын бир бөлүгү катары өз ордун табат. Жетекчиликтин айтымында, реконструкция үчүн бардык программалар иштелип чыккан. Акча каражатын Түркия мамлекетинин TIKA агенттиги бөлүп берүүгө даяр. Учурда КРнын Өкмөтүнүн токтому керек.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 13-январында өлкө башчы А.Атамбаев Мамлекеттик тарых музейинин жаңы экспозициясын иштеп чыккан топту кабыл алып, музейди реконструкциялоо иштери 2016-жылы аякташы керектигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан