Кыргызстанда, айрыкча борбор шаарда кызамык оорусу көп катталып жатканы парламенттин 15-январдагы жыйынында айтылды. Бүгүнкү күндө анын алдын алуу үчүн тиешелүү вакциналар жетиштүүбү? Саламаттыкты сактоо министрлиги бул оору менен күрөшүп жатабы? Бул суроолор боюнча өкмөттүн атайын маалыматын угуу керектиги сунушталды.
Депутат Нарынбек Молдобаевдин айтымында, бир күндө эле "Тез жардам" менен 19 бала ооруканага түшкөн. Анын 12си студенттер экени айтылды. "Бул оору сасык тумоо сыяктуу аба аркылуу жугат. Калктын генофондуна дагы таасир этиши толук мүмкүн. Ошондуктан бул маселеге мамлекеттик көз караш менен мамиле жасап, колго алалы, эртең кеч болуп калбасын. Саламаттыкты сактоо министрлигине эмне жардам керек? Бул боюнча кеңешип иш алып баруу зарыл”,- дейт Молдобаев.
Кызамык — катуу кармай турган жугуштуу оору. Анда эт ысып, жөтөлүп, мурун бүтүп, үн каргылданат, көздүн, ооздун былжыр чели сезгенип, териге кызыл бүдүрлөр чыгат. Кызамыкты вирус козгойт. Оорулуу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө анын шилекейи, какырыгы менен вирустар абага тарап, соо адамга өтө тез жугат. Кызамык менен бардык кишилер ооруйт. Ооругандарда туруктуу иммунитет пайда болот. Көбүнчө 5 жашка чейинки балдар ооруйт. 3 айга чейинки балдар демейде оорубайт, анткени ага бала кезинде ооруган эненин иммунитети берилет. Бала кезинде кызамык менен оорубаган энеден төрөлгөн балдар 3 айга чейин деле ооруп калышы ыктымал.