Лейлек районунда 2012-жылы социалдык коргоого алынган адамдарга ыктыярдуу демөөрчүлөр тарабынан 1,3 миллион сомдук жардам берилди. Бул тууралуу Лейлек райондук администрациясы билдирет.
2012-жылы Карыялардын эл аралык күнүнүн бир айлыгын өткөрүү боюнча бардык айыл өкмөттөрүндө, Исфана шаардык мэриясында карыялардын катышуусу менен майрамдык салтанаттар өткөрүлдү. Бул күнү айыл өкмөттөрү, Исфана шаардык мэриясы жана демөөрчүлөр тарабынан 1109 адамга 332 525 сомдук жардамдар берилди. Анын ичинен 577 адамга сый тамак, 133 адамга акчалай, 286 адамга 12100 сомдук жол кире жеңилдиги, 580 адамга ар түрдүү белектер берилген. Мындан сырткары 2012-жылы 85 миллион 99 400 сом мамлекеттик жөлөк пул аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана социалдык жөлөк пул алуучуларга төлөнүп берилген.